super.kg logo

Бишкекте бүгүнкү күндүн курч абалын чагылдырган көргөзмөнүн ачылышы болду

 
Жумабек Базарбаев. Пост-класс
Байдылда Арыков. Салмакка тартуучу жай
Байдылда Арыков, Жумабек Базарбаев. Араба
Жумабек Базарбаев. Ээнсиреген үй
Жумабек Базарбаев. Кызыл элес
Жумабек Базарбаев. Депутаттыкка талапкер.
Жумабек Базарбаев. Союш
Байдылда Арыков. Ящер
Байдылда Арыков. Жүгөрү күнү
Жумабек Базарбаев. Кечкурун
Жалпы түтүн

Бүгүн Бишкекте Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жумабек Базарбаевдин бүгүнкү күндүн курч абалын чагылдырган "Караш 2" аталышындагы көргөзмөсүнүн ачылышы болду. "Караш 2" 2014-жылы болгон "Караш" көргөзмөсүнүн уландысы. Бул долбоорго Жумабек Базарбаевден тышкары Байдылда Арыков да катышты.

"Кыргыз өлкөсүнүн сүрөт искусство мектеби бир орунда туруп калды. Бул кайра артка кетүүгө түрткү болот. Азыр кичине жанрдагы (портрет, натюрморт, пейзаж) чыгармаларынын жардамы менен буга чейинки жетишкендиктерди кармап калуу мүмкүн, бирок сүрөт искусство мектебин станок искусствосу гана алдыга жылдырат. Биздин өлкөнүн искусствосу кайраттуулук, оригиналдуулук сапаттарына, ар дайым өзүнүн улуттук көз карашына ээ болгон",- дейт долбоордун катышуучулары.

Көргөзмөгө искусство тармагынын өкүлдөрү катышып, сүрөттөрдө терең философиялык ойлор камтылганын белгилешти.

Эскерте кетсек, Жумабек Базарбаев кыргыз жергеси боюнча жалгыз "Саа-Кун-Жа" корей техникасы менен сүрөт тартат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы жашоону чагылдырган суротторр экен. Мыкты денгелде тартылыптыр .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: