super.kg logo
  Саясат  

Президенттин атынан "Датка-Кемин" долбооруна салымы бар инженер Өмүрбек Убайдиллаевдин үй-бүлөсүнө Ардак грамота тапшырылды

 

Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Улукбек Марипов 20-январда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин атынан "Датка-Кемин" долбоорунун ийгиликтүү аякташына салым кошкон “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынын инженери Өмүрбек Убайдиллаевдин үйүнө барып, анын жакындарына Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.

Улукбек Марипов президенттин атынан Өмүрбек Убайдиллаевдин кайтыш болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, президент "Датка-Кемин" долбооруна чоң маани берерин жана өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар ири энергетикалык долбоордун ийгиликтүү аякташына Өмүрбек Убайдиллаевдин кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.

Инженердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам да тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: