super.kg logo
  Саясат  

Үй жана автоунааларды камсыздандырууну токтотуучу мыйзам даярдалды

 

Кыргыз мамлекетинде үй жана автоунааларды милдеттүү камсыздандырууну токтотуучу мыйзам даярдалды. Муну парламенттин 21-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирип, жакында Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарыла турганын айтты.

"Биз долбоорду карап чыктык, мыйзам кабыл алынган күндө да иштебейт, анткени камсыздандыруучу компаниялар даяр эмес. Эгерде жол кырсыгы болсо, ал жерге барып териштирүүчү адистер даяр эмес. Камсыздандырууда элден 1 миллиард 800 миллион сом жыйналат экен. Бул акча чет мамлекеттерге чыгарылып кетиши мүмкүн экен. Мындан тышкары оң рулдуу унааларды таксиге пайдаланууга тыюу салууну да артка жылдырышыбыз керек",- дейт Төрөбаев.

Башка депутаттар эл кризистин запкысын тартып жаткан маалда мындай аракетти тезинен токтотуу зарылдыгын айтышты. "Азырынча буга эрте, эл кыйналып турганда алардын чөнтөгүнө оорчулук алып келе турган чараларды кабыл албашыбыз керек",- дейт депутат Кожобек Рыспаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: