super.kg logo

Экс-депутат Турсунтай Салимов: "Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачууга төрага эч кимди көндүргөн эмес"

 

Бүгүн, 21-январда А.Келдибековдун иши боюнча соттук отурумга күбөлөр бирден суракка чакырылууда. ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча суракка экс-депутат Турсунтай Салимов чакырылды.

"Мен өкүлчүлүктүн ачылышын колдоп добуш бергем, себеби ал учурда биз командировкага көп чыкчубуз. Москвага барганда кээде бир суткалап аба майданында калып калчубуз. Ал учурда депутаттар иш сапары менен Москвага көп катташчу. Бизди ал жактан тосуп алып, кайра узаткандар керек эле. Ошол себептен улам мен өкүлчүлүктүн ачылышын колдогом. Төрага эч кимди каршы же колдоп добуш берүүгө чакырган эмес, себеби өзү жалгыз болсо, депутаттардан 120 адам бар эле. Өкүлчүлүктүн ачылуусу депутаттардын көпчүлүк добушу менен өткөн",- деди Т.Салимов.

Күбө катары чакырылган экс-депутат Талантбек Узакбаев аталган долбоорду депутат Талант Мамытов демилгелегенин айтты.

"Айрым мыйзам долбоорлорун колдоо же каршы добуш берүү боюнча агитация, өтүнүчтөр болуп калчу. Бирок Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы боюнча эч кандай алдын ала сүйлөшүүлөр болгон эмес. Электр жарыгынын өчкөндүгүнө байланыштуу добуш берүү ачык түрдө кол көтөрүү менен өткөн. Кийин көтөрүлгөн колдор эсептелинип, жыйынтык чыгарылган",- деди Т.Узакбаев. "Ар бир депутаттын өзү каалагандай добуш берүүгө укугу бар",- деп кошумчалады экс-депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: