Наталья Никитенко: "Ипотекалык насыянын суммасын, төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгышы керек"
Өкмөт жарандарды үй менен камсыздоо программасы боюнча берилүүчү ипотекалык насыянын өлчөмүн, төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгышы керек. Анткени ипотеканын шарттары кыйынчылыктарды жарата турганы азыртан эле көрүнүүдө. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында билдирди.
"Ипотекалык турак жай менен биринчи кезекте мугалимдер, медицина жана социалдык камсыздоо тармактарынын кызматкерлери камсыз кылынат. Алардын маянасы болжол менен 8-9 миң сомду түзөт. Ошондуктан алар турак жайы үчүн айына 15-20 миң сомдон төлөп тура алышпайт. Насыянын алгачкы төгүмүнүн суммасын да кайра караш керек. Мугалимдердин колунда анчалык акча жок",- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

