super.kg logo
  Саясат  

"Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды шаарга кошууну тездетүү зарыл" дейт Иса Өмүркулов

 

Бишкектин тегерегинде жайгашкан бир катар жаңы конуштарды шаарга кошуу ишин тездетүү зарыл. Мындай чара көптөгөн социалдык маселелердин чечилишине оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында билдирди.
"Алтын-Ордо жаңы конушунун аймагында бош жаткан жер бар. Убагында ал жерди сейил бакка айландырууга аракет кылгам. Ал жер жеңил курулуштарды салып иштетүү үчүн бирөөлөрдүн мөөнөтсүз пайдалануусуна берилип кетиптир. Конуштун сейил багы, бала бакчасы же кинотеатры жок",- деди.

Депутат оң рулдуу автоунааларды такси катары колдонууга тыюу салууну 2016-жылдан 2018-жылга которуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: