super.kg logo
  Саясат  

"Жунда" заводу эмитен акча жашырып жатса, демек, максаты жакшы эмес" дейт депутат Бокоев

 

Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев "Жунда" заводун текшерүүнү аягына чыгарууну, мыйзам бузууларга ырайым кылбоону сунуштады. Депутаттарга кайрылган Бокоев инвестор кыргыз мыйзамдарын сыйлоого тийиш экенин белгиледи.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финпол) ишин улантсын. Камай турганын камаш керек, аяп кереги жок. "Крышасы" ким экенинен бери ачыкташ керек. Жаңыдан ишин баштаган завод эмитен акчаны жашырып жатса, демек, алар жакшы максатта иштеп жатышкан жок. Бүгүн биз бул ишти аягына чыгар деп финполго тапшырма беришибиз керек",- дейт Бокоев.

Көпчүлүк депутаттар заводдун жетекчисинин орун басарын камакка алуу туура эмес болгонун айтышып: "Сөзсүз камап салуу керек беле? Өлкөдөн чыга албай турган кылып деле тергөөнү жүргүзсөк болот эле да. Минте берсек инвесторлорду чочутабыз. Заводдо 600дөй киши иштейт экен, алар ишсиз отурушат",- дешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: