super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары Малайзиянын учурдагы премьер-министри Нажиб Тун Разак окуган мектепте болушту

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги мамлекетибиздин 7 облусу жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча мектеп окуучуларынын арасында дил баян сынагынан жеңген окуучулар үчүн 14-январдан 21-январга чейин таанып-билүүчүлүк сапарын уюштурду. Малайзиядагы сапар учурунда окуучулар өлкөнүн борбору Куала-Лумпур шаарында жана экзотикалык Лангкави аралында болушканын бүгүн, 21-январда элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 17-ноябрынан 17-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн дил баян сынагын уюштурган. Долбоордун алкагында балдар "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баян жазышы керек эле. Бул сынактын максаты балдардын патриоттук сезимин күчөтүү, билим алуусуна шык берүү жана алардын дүйнө таанымын кеңейтүү болду. 12-15 жаштагы миңден ашык катышуучунун ичинен 9 окуучу жеңүүчү болгон. Жеңүүчүлөрдү сапарда ата мекендик ММКлардын 9 өкүлү коштоп жүрдү.

Турненин жүрүшүндө меймандарга Куала-Лумпур шаарындагы Ыйык Жонс атындагы мектепке экскурсия уюштурулду. Бул мектеп өзүнүн 112 жылдык тарыхы жана Малайзиянын азыркы премьер-министри Нажиб Тун Разак сыяктуу бүтүрүүчүлөрү менен белгилүү. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султанов дил баян сынагынын бардык жеңүүчүлөрүнө диплом, көрсөткөн колдоосу үчүн КРнын ММК өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: