super.kg logo
  Саясат  

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк, Жогорку Кеңеш жана өкмөт тарабынан экономиканын долларлашуусуна каршы аракет жүргүзүлүп жатканын айтты

 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 21-январда Азия өнүгүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөнүн жалпы финансы-экономикалык абалы жана банк тармагындагы жагдай тууралуу маалымдады. Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасы жакында Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгондугу жана азыркы учурда мыйзамдардын ЕАЭБде кабыл алынган стандарттарга ылайык даярдалып жаткандыгы тууралуу белгилеп кетти. Ошондой эле төрага өкмөт жана Улуттук банктын экономикадагы кризистик көрүнүштөрдү жеңүү үчүн жасап жаткан иш-аракеттерин да белгилеп кеткенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк, Жогорку Кеңеш жана өкмөт тарабынан экономиканын долларлашуусуна каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралары тууралуу да айтып берди. Төраганын айтымында, бул иш-чаралар улуттук валютанын жана өлкөнүн экономикасынын бекемделишине багытталмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: