super.kg logo

Жылнаама, 23-январь: Мындан 50 жыл мурун Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев туулган

 

* Мындан 50 жыл мурун, 1966-жылы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Оштун Кара-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. 1990-жылдардын башында облустук бир мекемеде экономист, башкы эсепчи, 1993-1996-жылдары "Ош азык-түлүк соодасы" АКнын инспектору, андан соң директору болгон. 1996-1998-жылдарда Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Кадырбаевдин өмүр таржымалында 2000-жылдардын башында ал бир жылдай Чүй облустук ИИБинин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери да болгону жазылган. 2014-жылдын 15-январында Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө Ош шаарынын мэри болуп шайланган.

* Мындан 18 жыл мурун, 1998-жылы кыргызстандык 1-космонавт Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын курамында биринчи жолу космоско учкан. Салижан Шарипов америкалык "Ендевор" кемесинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Ал космосто баш-аягы 8 күн болгон. Салижан Шариповдун эрдиги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы менен бааланып, Бишкек мэриясы ага 3 бөлмөлүү үйдү белекке берген.

* Мындан 460 жыл мурун, 1556-жылы адамзат тарыхындагы өтө катуу жер титирөө Кытай мамлекетинин Шанси провинциясында болгон. Жер титирөөнүн очогу Хуанхэ дарыясынын боюндагы Сиан шаарында орун алган. Жер титирөө 830 000 адамдын өмүрүн алып кеткен.

* Мындан 70 жыл мурун, 1946-жылы орус олигархы Борис Березовский Москвада төрөлүп, жогорку билимди Москва токой техникалык институтунан жана ММУнун механика-математикалык факультетинен алган. Эң алгачкы кызматын 1969-жылы Прибор куруу министрлигинде инженер болуудан баштаган. Ал эми 2013-жылы 23-мартта 68 жаштагы Березовскийдин жансыз денеси Лондондон 40 чакырым алыстагы Аскот деген жердеги өзү жашаган үйдүн ваннасынан табылган.

23-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
22.01.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Айтмамат Кадырбаевич туулган кунунуз кут болсун.
23.01.2016. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
23-январь менинда алтын апакемдин туулган куну эрте мн туруп куттуктайм азыр ширин уйкуда буйурса 42чыкты
23.01.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Gulya21,менин атымдан да куттуктап кой апалар узун жашасын,апалар дүйнөнү сактап турат .
23.01.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаманбы жакшыбы мамлекетке 2жыл иштептир
23.01.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун мэри десе эле Мелис Мырзакматов келет. Жакшы жактарын гана уктум. Азыркы мэр көңүлгө туура келбейт, Мелисти атайын кетиртип отуруп алгандай. Балким жаңылып жатам, бул да жакшы адам. Бирок атын эл жаттай турган иш кыла элек окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: