super.kg logo
  Саясат  

“Парламент-такси”. Дастан Жумабековго тыныгуу убактысында такси кызматын көрсөтүү жагып калды (фото)

 

“Парламент-такси” долбоору бүгүн да улантылып, элди акысыз ташууга “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков чыкты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу SUPER.KG'ге Жумабековго тыныгуу убактысында такси кызматын көрсөтүү жагып калганын айтты.

"Такси кызматынын иши жагып калып, ал биринчи кардарды таштап келе жатып унаасына дагы бир жолоочу салып алууну чечти. Алар депутатка учурдагы экономикалык абал боюнча суроолорду берип жатышты. Ошондой эле мандат талаш маселесине да токтолуп, жооп алышты",- деди ал.

Белгилей кетсек, жакында башталган долбоорго ылайык, депутаттар түшкү тыныгуу маалында таксисттик милдетти аткарышат. Жүргүнчүлөрдү акысыз жеткирип, алардын ой-пикирлерин, бийлик өкүлдөрүнө тапшырмаларын угушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: