super.kg logo
  Саясат  

2015-жылкы жылытуу мезгилинде бийик тоолуу райондорунун калкына электр энергиясына компенсация төлөөгө 120 миллион сом бөлүндү

 

2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдануу ишин каржылоого республикалык бюджеттен 4 миллиард 973 миллион 100 миң сом бөлүндү. Каржы министрлигинин билдиришинче, жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 миллиард 722 миллион 200 миң сом: "Кыргыз турак жай коммуналдык союз" ишканасына 1 миллиард 617 миллион 200 миң сом, "Ош ЖЖИ" ишканасына 105 миллион сом каралган.

"Бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газынын акысына сарптаган чыгымдары 1 миллиард 106 миллион 600 миң сом болду. Республикалык бюджеттин көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн камдоого сарптаган жалпы чыгымдары 207 миллион 400 миң сомду түздү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржыланган уюмдар үчүн көмүр камдоого 176 миллион 200 миң сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 31 миллион 200 миң сом жумшалды",- деп айтылат маалыматта.

Республиканын бийик тоолуу райондорунун калкына электр энергиясына компенсация төлөөгө 120 миллион 300 миң сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: