Кыргыз жеринде 2 миңдей комбайн болсо, анын 500гө жакыны эскирип бүткөн
Кыргыз мамлекетинде 2 миңдей комбайн болсо, анын 500гө жакыны эскирип бүткөн. Муну айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев 22-январда орусиялык "Ростсельмаш" заводунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Министр учурда республикада 2 миңдей комбайнга муктаждык бар экенин айтты.
Орусиялык заводдун өкүлдөрү кыргыз тарапка өздөрүнүн техникасын сунушташты. Заводдун комбайндарын Орусиядан тышкары Монголия, Тажикстан колдонуп жатканын белгилешкен өкүлдөр "фермерлер биздин техникаларга ишенишет" дешти.
Министр аталган сунушту кыргыз тарап карап көрөрүн белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

