Шериктештик өлкөлөрүнүн терроризмге каршы күрөшүү борбору кыргыз өлкөсүнүн милиция кызматкерлерин грамота менен сыйлады
Терроризмге каршы күрөшүүдөгү эффективдүү кызматташтык жана бирге аткарылган жумуштарды эске алып, Шериктештик өлкөлөрүнүн терроризмге каршы күрөшүү борбору кыргыз өлкөсүнүн 2 милиция кызматкерине грамота тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, грамота ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахмановго жана аталган башкармалыкта бөлүм башчы кызматын аркалаган Эмил Жээнбековго ыйгарылды.
КРнын Ички иштер министрлиги аталган борбор менен тыгыз иштешүү экстремизм, терроризм менен күрөштү жеңилдетерин, айрым окуялардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.