Аскер бөлүгүндө жоокерди сабаган командир жана жооптуу кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулушту
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндөгү окуя боюнча кызматтык иликтөө аягына чыкты. Ага ылайык, аскер бөлүгүнүн командири, командирдин тартип иштери боюнча орун басары жана ротанын командири ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Азыркы тапта бул окуяга юридикалык баа берүү үчүн чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, №64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду ротанын командири токмоктоп салган. Бул тууралуу маалыматты Аскерлердин энелеринин республикалык комитети бүгүн жарыялаган эле. Маалыматка ылайык, окуя 21-январь түнү орун алган. "Абытбек уулу Мамарасулду ур-токмокко алды" деп ротанын командири, капитан Аралбаев шектелүүдө.
Жоокер командир тарабынан аёосуз сабалган


Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Эскертүү! Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!