super.kg logo

"Командир Аралбаев тарабынан сабалды" делген аскердин атасы: "Балам бассам мээм солкулдап, көзүм тунарып, кулагым укпай жатат дейт"

 

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин №64479-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасулду токмоктоп салышканы маалымдалган эле. Бүгүн, 25-январда аталган аскердин атасы Абытбек Темиров SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:

"Баламдын сабалганын 21-январда уктум. Ал мага телефон чалып, кызмат өтөп жаткан жерине чакырды. Эмне болгонун сурасам, офицер сабап салганын айтты, бирок атын айткан жок. Аны укканда дене боюм калтырап, өзүмдү жоготуп койдум. Анан №64479-аскер бөлүгүнө барсам, жетекчисинин орун басары бар экен. Ал уулумду сабаган офицер ооруканага алып кеткенин айтты.

Аралбаевге телефон чалып, "баламды мага алып кел, көрөйүн" дедим. Башында баламды жеңил эле жаракат алса керек деп ойлогом, бирок өтө мыкаачылык менен токмоктолуптур. Аралбаевге деле айттым, "Баламдын эмне күнөөсү бар? Эгер күнөөсү болсо мени чакырып, көзүмчө тарбиялабайт белең?" деп. Ал "менин балам ооруп, ачуум менен келип уруп салыптырмын" деди. Баламдан "Аралбаев мас беле?" деп сурасам, "соо эле болчу" деп жатат. Соо киши андай айбандык ишке барбайт.

Буга чейин деле "жоокер жоокерди атып...", "жоокер асынып өлдү" деген маалыматтарды угуп келгенбиз. Менин баламдын окуясы боюнча акыйкаттык издейм. Бул иш аягына чыгышы керек. Азыр балама жолугуп келдим. Ал "туруп бассам мээм солкулдап, көзүм тумандап, кулагым укпай жатат. Эс-учумду жоготуп, кайра турсам деле өтүк менен башка ургулап жатыптыр" деди".






Жоокер командир тарабынан аёосуз сабалган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Темир Абиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(52)
Медиа-портал
25.01.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кошмар
25.01.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аксакал уулунузга аллахым шыпа берсин.жанагы командири копкон немего.кыйын болсо устаф менен кыйнабайбы жащ еле жигитти ур сооккуга албай
25.01.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
балдарды аскерге барбайт дейсинер. барса минтип сабап инвалид кылып жонотосунор. же болбосо озун атып алды,кулап кетти дейсинер. анан кайдагы аскер кызматы
25.01.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушинтип кызматтан эле бошотуп коюшабы, ээ?
25.01.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийликтин шалаакылыгы эч нерсени козомолдобойт АШАнын боштугу
25.01.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колу,бутун сынгыр десе,сенин балан ооруса,бул балада не куноо.
25.01.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikokul14,Мындайлар кун санап болот,эркек стукач болбош керек чыдаш керек деген принцип менен ой жугурткон туура эмес . Бирок тилеке каршы ушундай.
26.01.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikokul14,бул деле бироонун баласы десен,кудай ушу баланын атасы тартып жаткан нерсени ушуга да копсотуп койсокен.
25.01.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эшектен айырмасы жок экен алдагы акмактын,Дагы уялышпай повеска беришет жылына эки жолу
Модератор admin_portal түзөттү 2016-01-26 10:01:28
25.01.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сенин балан ооруса бул да бироонун кара чечекей баласы.
25.01.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ий жаман урган экенда жаш эле бала окшойт
25.01.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Закондуу турдо жазасын алсын офисер деп эмне кыласынар андан коро ошол офисер ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-01-26 10:02:33
26.01.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulan.zhoroev,ооба эмесе дагы деле акча жууп кетет,жанагындай патриоттор ушундай чындыкты издеп какшаган ата энелерге жардам бербейт бекен.
26.01.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulan.zhoroev - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
25.01.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошого эч ким армияга баргысы келбейт
SUPER.KG видео
25.01.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жөн эле иштен бошотуп койду болдубу? Мыйзам эмне болот...мүмкүн болушунча эч жерге ишке кире албай турган кылыш керек...Ротанын командири ушундай иш кылып жатса калгандарына сөз жок да.. Биздин Патриот жигиттерди тескерисинче аскерге кызыктыруу керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: