ИИМдин Башкы штабынын башчысы: "Күч түзүмдөрүндө милиция кызматкерлеринин айлыгы аз"




ИИМдин Башкы штабынын башчысы Бактыгул Абдыжалиев бүгүн, 26-январдагы маалымат жыйынында күч түзүмдөрүнүн ички иштер органдарында иштегендердин саны көптүгүн белгилеп, милиция кызматкерлеринин айлык акысы аз экенин айтты.
Жалпысынан штабдын өткөн жылы аткарган иштерине токтолуп, адам өлтүрүү, зордуктоо сыяктуу оор кылмыштардын саны азайганын, аны менен катар тоноочулук, каракчылык фактылары көбөйгөнүн кошумчалады.
"Милиция системинде жалпы башкаруу органы болуп Башкы штаб эсептелет. Ал министрликтин стратегиялык чечимдерин иштеп чыгууну, ишке ашырууну жана ага көзөмөл жүргүзүүнү уюштуруп камсыздайт. Штабдын негизги милдети - министрликтин уюштуруу-аналитикалык иштерин камсыздоо, пландоо, бөлүктөрдүн ыкчам кызматтык ишмердигин тескеп, көзөмөлдөө, укуктук жана эл аралык иштерди, коллегиянын иштерин камсыздоо, реформалоо чараларын ишке ашыруу",- деди ал.



Андыктан капа болбой эле койсоңор да болот))))
Менин билишимче, бюджеттик мекемелерде иштегендер (медиктер, өрт өчүргүчтөр ж.б.) майрамдарда нөөмөттө болуп калышса, аларга эки эсе төлөнөт. Милициялардыкы да ошондой го деп ойлогом... Мм... билбейм, балким, мен жаңылгандырмын... Бирок мамлекет жакшы эле камкордугуна алып жатканы чындык да, туурабы, башкаларга салыштырмалуу.