Өкмөт башчы иш сапары менен Баткен облусуна кетти
Бүгүн, 26-январда премьер-министр Темир Сариев Баткен облусуна бир күндүк иш сапары менен кетти. Өкмөттөн кабарлагандай, премьер-министр Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык, Миң-Булак - Чорго - Ак-Сай, Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушу менен таанышат.
Мындан тышкары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2015-жылдын жыйынтыгына арналган коллегиялык жыйынына катышып, облустун социалдык-экономикалык өнүгүү пландары, чек ара коопсуздук маселелери талкууланмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

