super.kg logo

"ЖАМКтын борбордук аппаратынын имаратында эч ким өлтүрүлгөн эмес" дейт Жаза аткаруу кызматынын өкүлү

 

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана анын орун басары №50-абактан кылмышкерлердин качууга даярданып жатканын билип, бирок чара көргөн эмес" деп маалымат тараткан ЖАМКтын отставкадагы ардагери Эрнст Исаевди аталган кызмат сотко берет. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ЖАМКтын басма сөз кызматынын өкүлү Александр Никсдорф билдирди.

"Бүгүн маалымат жыйынында Эрнст Исаев билдиргендей ЖАМКтын борбордук аппаратынын имаратында эч ким өлтүрүлгөн эмес. Бул кресло талашуу кадамы, Исаев бирөөнүн кызыкчылыгын көздөөдө. Менин билишимче, ал бүгүн маалымат жыйынына жабырлануучулардын жакындарын жана туугандарын да чакырган. Кечээ ЖАМКтын жетекчиси Эрнст Исаевди чакырткан болчу, ал жерден "Мен сага качан антип айттым эле?" деген суроосуна жооп бере алган жок. Ал болгону "эртең билесиңер" деп жооп кайтарган", - деди Никсдорф.

"Исаев өзү ЖАМКта жетекчи болуп жүргөн кезде адамдар өлтүрүлгөнүн унутуп калганбы? Ал азыр бийликте эмес, ошон үчүн ал кеңеш бергенге өткөн",- деп кошумчалады Никсдорф.

Ал эми "кармалган кылмышкерлердин биринин артынан бири өлгөнү шек жаратып жатат..." деген суроого ЖАМКтын өкүлү ага стресс, жүрөк оорулары, качуу, башка адамдардын өлүмү себеп болушу мүмкүн экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.01.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу-мурду кыйшайбайт мунун. Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат. Аны да соттон утуп,камап,журогун карматкыла анда башкалар коркуп ооз ача албай калсын.
26.01.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана кудай билет эмне болгонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: