super.kg logo

Тайырбек Сарпашев кыргыз өлкөсүндөгү Эстониянын элчиси менен жолукту

 

Кечээ, 26-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кыргыз жергесиндеги Эстониянын элчиси Яан Рейнхольд менен жолукту. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар маалымат технологиялары тармагындагы азыркы эки жактуу кызматташуусу жана 2016-жылга коюлган пландар тууралуу сүйлөшүштү. Тайырбек Сарпашев эстониялык тарапка маалымат технологиялары боюнча жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Мамлекеттик каттоо кызматы ар дайым өнүгүп, алдынкы IT-технологияларды өзүнүн системине киргизиши керек. Бул тармакта МКК эстониялык кесиптештер менен тыгыз кызматташууга кызыкдар. МККнын алдыдагы 1,5 жылга койгон максаты - жарандарды биометрикалык паспорт менен камсыздандыруу жана мамлекеттик тейлөөгө биометрикалык технологияларды киргизүү",- дейт Тайырбек Сарпашев.

"Эстония Кыргыз Республикасын Борбор Азиядагы жакын шериктеши катары көрөт. Кыргыз өкмөтүнүн биометрикалык технологияларды киргизүүсүн жогору баалайбыз. Силер тандаган жол эң туура. Биздин бул багытта 20 жылдык тажрыйбабыз бар, биз кыргыз досторубуз менен тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз",- деди өз кезегинде Яан Рейнхольд.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.01.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Сарпашев кетпеди го деле. Кыргызга кылган кылдай пайдасы жок. Же иштеп жыргатпайт, же кейрендеп ырайлуу соз суйлоп жыргатпайт. Уч президент менен тен иштешти бул коз боемочубу же сыйкырчыбы мынчалык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: