Ош облусунда эшектерди союп, айрымдарынын терисин сыйрыбай таштап кеткен факт боюнча тергөө жүрүүдө
Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасаган факт боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Беш-Кадам жайытындагы сарайды ижарага берген жаран кайрылып, сарайда тирүү жана союлган эшектер жатканын айткан. Аталган жерде 24-январда Кара-Суу райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 38 баш эшек тирүү табылган. Ал эми союлган 15 баш эшектин алтоосунун териси сыйрылбай жатканы белгилүү болгон. Сарайды Ош облусунун тургундары Ж.К. жана Т.Н. ижарага алганы маалым болду. Азыркы тапта тергөө амалдары башталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Ангырасам каалаганы келтектеп.
Урса-тепсе кайыл элем адамга.
Чатак болду баштаганы эшек жеп...