super.kg logo

Өлкөдө паллиативдик жардамга муктаждар оорудан кыйналышууда

 

Өлкөдө паллиативдик жардамга муктаждар оорудан кыйналышууда. Бул тууралуу "Эргене" коомдук фондунан маалымдашты.

Паллиативдик жардам - катуу ооруга чалдыккан бейтаптардын жана алардын жакындарынын жашоосун жеңилдетүүчү иш-чаралар. Бул жардам бейтаптын жашоосунун акырына чейин көрсөтүлөт. Паллиативдик жардам алуу - адамдын негизги укуктарынын бири.

"Эгер бул жардамга муктаж болуп жаткан бейтапка эч кандай чара көрүлбөсө, мындай мамиле аны кемсинтүү деп эсептелинет. Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык, бейтапка керектүү деңгээлде оорутпай турган дарылар берилбесе, бул аны кыйноого барабар",- деп айтылат маалыматта.

Фонддун маалыматына ылайык, кыргыз өлкөсүндө жыл сайын 3 миңдей адам рак оорусунан каза болот, алардын ичинен 80 пайызы азаптуу ооруга чалдыгышат.

"Биздин доктурлар бейтаптардын оорусун парацетамол, анальгин же димедрол, кетонал жана промедол дарылары менен басаңдатышат. Ооруну басаңдатчу дарылардын жакшысы - морфин. Тилекке каршы, морфин бизде жеткиликтүү эмес. Жадакалса аймактарда морфин тууралуу доктурлар да билишпейт. Бир жылда 16 килограмм морфин талап кылынса, 470 грамм гана пайдаланылат. Бул өтө төмөн көрсөткүч жана онкологиялык оорулардан жабыркагандар азаптуу оорудан каза болуп жатканынан кабар берет",- дейт "Эргене" фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.01.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы доктурлар акча менен бутушот ошон учун билишпейт кресло ала турган акчага даары алгыла
29.01.2016. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медициналык морфин менен манзаттын ортосундагы айырма ото аз болгондуктан аны закондуу турдо назначать этиш жана аптекаларда легалдуу сатуу ото оор проблема, тем более КРда. Контроль кучтуу болуш керек биринчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: