Кыргыз өлкөсүндө пенсиянын орточо көлөмү учурда 4804 сом
Кыргыз өлкөсүндө пенсиянын орточо көлөмү учурда 4804 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда өлкөнүн Социалдык фондунун маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алгандардын саны 603 900 адам экени аныкталды. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 13 500 кишиге көп. Ал эми пенсияны банк аркылуу алгандар 32 400 кишиге же 13,9 пайызга көбөйгөн. Пенсиянын көбөйүшүнө болгон муктаждык 2015-жылы 800 миллион сомго жеткен. 2015-жылы республикалык бюджеттен аскер кызматкерлеринин пенсияларына, жеңилдетилген пенсияларга, пенсияга болгон кошумчаларга жана электр энергия үчүн компенсациялык төлөмдөргө бөлүнгөн каражат 16 миллиард 3 миллион сомду түзгөнү маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Баарыбыздын ата-энелерибизге омур берсин,алардын карылыгын гулдогон балдарына ыйман-ынсап,мээр-акыбет эле берсин деп тилеймин.