Камчыбек Ташиевдин башка партиянын өкүлүн ур-токмокко алуу фактысы боюнча иштин жыйынтыгы 5-февралда чыгат

"Республика-Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлү Абдуманап Абдыбахаповдун ортосундагы мушташуу фактысы боюнча тергөө бүтө элек. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы 5-февралда чыгат.
Тергөөдө жабырлануучу Абдуманап Абдыбахаповдун 20 миң доллар акча каражатынын уурдалышы да текшерилип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирбек Исагалиевге шилтеме берип кабарлады.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 26-сентябрда Сузак районунун Бек-Абад айылында К.Ташиев менен А.Абдыбахаповдун ортосунда уруш чыгып, кийин мушташууга өтүшкөнү белгилүү болгон. Жыйынтыгында Ташиев Абдыбахаповду ур-токмокко алып, денесине жаракат келтиргени маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.