super.kg logo
  Саясат  

2015-жылы дем берүүчү гранттардын эсебинен 395 долбоор каржыланды

 

2015-жылы республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттардын эсебинен 710 миллион 715,3 миң сомго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 395 долбоору каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамында "Дем берүүчү гранттар" боюнча 730 миллион сом каралган.

Өкмөттүн 2013-жылдын 29-июнундагы №462-токтому менен бекитилген дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобого ылайык, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органдары тарабынан берилген отчёттордон көз каранды. Суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, дем берүүчү грант отчёт берилгенден кийин, долбоордун тибине жараша каражаттардын өздөштүрүлүүсүн эске алуу менен бөлүнүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: