super.kg logo

Борбор Азия боюнча Кыргыз Республикасы эң эркин өлкө деп табылды

 
Жашыл түс - эркин, сары - жарым-жартылай эркин, сыя көк - эркиндиги жок өлкөлөр

Коммерциялык эмес "Freedom House" мекемесинин пикири боюнча, Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасында кыргыз өлкөсү эң эркин мамлекет. Бул тууралуу 27-январда жарыяланган "2016-жылы дүйнөдөгү эркиндик" аттуу баяндамасында жазылган. Мекеме 195 өлкөнүн саясий жана жарандык эркиндиктеринин деңгээлин баалаган.

Рейтингге ылайык, Кыргыз Республикасы мүмкүн болгон 100 баллдын 38ин алып, КМШ өлкөлөрүнүн арасында Украина менен Молдовадан кийин эң эркин мамлекет деп табылган. Ал эми Казакстан 24, Орусия 22, Азербайжан менен Тажикстан 16 баллдан алышкан. Эң төмөн балл Өзбекстандыкы - 3. Ошондой эле Кыргыз Республикасы "саясий укук" жана "жарандык эркиндик" категорияларында 5 баасына (7ге чейин баалар коюлуп, 1 - мыкты баа) ээ болуп, жарым-жартылай эркин өлкө деп табылды.

"Эркиндиги жок" категориясына бул жылы африкалык өлкөлөрдүн көбү, араб өлкөлөрү (Иран, Ооганстан), Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөр (Таиланд, Лаос, Мьянма, Камбоджа, Вьетнам) жана Куба кирди. Исландия, Финляндия, Швеция, Норвегия, Сан-Марино 100 баллдан алышкан. Лидерлерге кошулуу үчүн Канадага 1 балл жетпей калган. Америка Кошмо Штаттары 90 баллга ээ болгон.

Мекеменин билдиргени боюнча, дүйнө жүзүндө эркиндик көрсөткүчү төмөндөдү. Буга Жакынкы Чыгыштагы жаңжал себеп болуп жатканы белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.01.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык!
29.01.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар улуу элбиз эркиндикти суйгон , тарыхыбыз боюнча азиядагы эн эле кучтуу улут болгонбуз, коп кыргыздарды олтуруп дагы башкаларын болуп жарып , максатына жеткен душмандар.
29.01.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак тус чу
29.01.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
expert.007,Актус дагы мамлекетби ?
29.01.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң эркин эмес мамлекет Түндүк Корея болсо керек.
29.01.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызгылт тусчу? Байкатпай койгон олколорбу?
30.01.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу бизге чыбыкты берип койгон жери жаман болгонда,бири-бирибизди чукуп турганы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: