super.kg logo

2015-жылы өлкө боюнча кош бойлуу кезинде, төрөт маалында жана төрөттөн кийин каза болгон аялдардын саны 62ге жеткен

 

2015-жылы өлкө боюнча кош бойлуу учурунда, төрөт маалында жана төрөттөн кийин каза болгон аялдардын саны 62ге жеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүн, 29-январда өткөн коллегиясынын маалыматында жазылган.

Төрөт учурунда каза болгондордун саны Жалал-Абад облусунда көп, андан кийинки орунда Чүй облусу турат, ал эми Ош шаарында 4 аял каза болгон. Энелердин өлүмүнүн себеби көбүнчө кан кетүүдөн (32,3 пайыз) болот, сепсис жана экстрагениталдык ооруларынан (22,6 пайыз ), преэклампсия жана эклампсия ооруларынан (12,9 пайыз), жатындын үзүлүшүнөн (3,2 пайыз) каза болушат. Энелердин үйүндө көз жумган 4 учуру катталган: экөөсү Сокулук районунда, бири Токтогул районунда, бири Бишкек шаарында. Кош бойлуу кезинде 7 аял, 52си төрөттөн кийин, 3 аял бойдон алдыруудан кийин каза болгон. Алардын 55и дарыгерлердин көзөмөлүндө болсо, калганы каттоого турган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.01.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото эле,окунучтуу ((((
30.01.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
31.01.2016. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женем тороттон кийин кан кетип каза болду. Доктурдун конул коштугунан. Баласы жетилигинде чарчап калды, артында 3 жаш, 5 жаштагы балдары жетим калды. Кимде куноо, бир Кудай билет. Балдардын куноосу эмне эле, байкуштар томсоруп кала беришти!!!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: