super.kg logo

2015-жылы кыргыз өлкөсүндө 263 493 жугуштуу жана мите оорулары катталган

 

2015-жылы өлкө боюнча 263 493 жугуштуу жана мите оорулары катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын 36 учуру нозологиялык формада. Аны менен катар 171 140 сасык тумоо учуру катталган. 17 нозологиялык формадагы оорулардын саны 2014-жылга салыштырмалуу кыскарды. Маалыматка ылайык, вакцина аркылуу алдын алуучу оорулардын саны өсүүдө. 2015-жылы кызамыкка кабылгандардын саны
17 779га жетти. Көк жөтөл оорусунун 113 учуру катталып, 2014-жылга салыштырмалуу көрсөткүчү 2,4 эсе көбөйгөн. Кызамык менен ооругандардын саны 4,2 эсе артып, 101 учур катталган.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, 2015-жылы кургак учукка каршы профилактикалык эмдөөдөн 1 жашка чейинки балдардын 95,8 пайызы өткөн. Көк жөтөл, дифтерия жана столбнякка (тарамыш тартышып зыңкыйып калма оорусу), вирустуу гепатитке жана гемофилдик инфекцияга, кызамыкка, паротитке каршы эмдөө алгандардын саны 1 жылда 97,4 пайызды түзгөн.

2015-жылдын 7-17-декабрь күндөрү иммундоо программасынын негизинде болгон изилдөө иштеринин жыйынтыгы шаардагы мигранттардын жана алыскы аймактардын тургундарын эмдөө көйгөйүн аныктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: