super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оор жүк ташуучу унаалардын жүгү нормадан ашса, ар бир чакырым үчүн 1 тоннага 20 сомдон алынат

 

Оор жүк ташуучу унаалардын жүгү нормадан ашса, ар бир чакырым үчүн 1 тоннага 20 сомдон алынарын Транспорт министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментинин башчысы Эмил Таштаналиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Автотранспорттук каражаттар тарабынан жолго келтирилген зыяндын ордун жабуу тартиби тууралуу №481-токтомго ылайык, оор жүк ташуучу унаанын бир октогу (ось) жүгүнүн салмагы 7,5 тоннадан ашса, ар бир чакырымга 1 тоннага 20 сомдон алынат. Бөлүнбөчү жана габариттик жүк үчүн атайын тариф бар, алар тууралуу айдоочулар билишет. Ар бир постто бөлүнбөчү жүк үчүн төлөмдөрдүн жадыбалы илинип турат. Аларды ошол жердеги бажы кызматкерлери эсептеп беришет. 2015-жылы бул төлөмдөрдүн суммасы 33 миллионду түздү. Баары мамлекеттик казынага түшөт. Эркеч-Тамдагы посттон күнүнө 40тай унаа өтөт. Маалыматка караганда, 5-6 айдоочу "акчабыз жок" деп жатышыптыр. Төлөмдү төлөшсө эле уруксат кагаз менен эсеп дүмүрчөк берилет",- дейт Эмил Таштаналиев.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 28-январында "Эркеч-Там" постундагы оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Транспорт жана коммуникациялар министрлигине нааразы болуп жатышканы "Элдик кабар" рубрикасына жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.02.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ойлоп табышыптыр, салмагы ашыкча, бою узун адамдарга да салык салгыла карапайым элди тоногула.
01.02.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ептеп еле бир шылтоо менен чонтоктор кампайыш керек
01.02.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар бирдеме корот
01.02.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сени жук ташыба деген жок кыргызым, нормадан ашык жуктосон деп турат го. Карапайым элди тоноого жатабы ошо. Карапайым эл жугу болсо ташыйбы, анын баары алып сатар кызыл кулактар бизнесмен соройлор.20 тонна которчу машинага 40тонна жуктойт жолду бут талкалап атат.Туура тушунуп жазсанар чала була тушунуп алып эле наалый бербей.
01.02.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
behappy74,мен да ушундай дейин дегем. красавчик.
01.02.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге жук тушот кайра эле. Кенейтсин,салсын жолду алганга жараша. Же поезд менен ташыганы шарт тузсун,анан алса жарашат. 2 ай алдын Россияны корсотуп аткан ушул законду кабыл алганын. Бул мыйзам да кайра чакыртылат.
01.02.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл жук ташыйт деп эле ар кайсы жактан кредитке алган акчага курулган жолдорубузду талкалап отуруп калалы анда. жукту ташый бер, бирок жолду да сактайлы туугандар.
01.02.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эч кандай карапайым элди тоноо эмес,мындай жук ташып откондор соодо мн алектенген бизнесмендер,туурале болот жолду да сакташыбыз керек,алар нормадан ашык жуктоп алып жолду бузуп атышат,негизи норм ашык болуп калса толотбойле ашык жугун тушуртуп салса,баарибир алынган суммалар сол чонтоко кетет,болбосо жебей ичпей тушкон каражатты кайра жолго жумшасын.
01.02.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан ошол тологон акчасына гармошка кылып кеткен жерлерге
жетет бекен.Оор жуктогон авто
унаалар кундун ыссыгнда журсо
жолдорду баштан аяк бузат.
Жукко чек коуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: