super.kg logo

Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

 

Бишкекте жер тилкесин ижарага берип, анын үчүнчү жактарга ижарага берилип кетишин көзөмөлдөбөгөн кызматкерлерге карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу 1-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2009-жылы Р.Д. аттуу жаран жер тилкесин колдонууга алган. Ал Бишкек мэриясы менен ошол жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзгөн жана Бишкектин Мамлекеттик каттоосунан убактылуу колдонууга акт алган, ошондой эле эки жыл ичинде объектини колдонууга берүүгө милдеттендирилген.

Аталган жер Бишкек мэриясы тарабынан 280 орундуу бала бакчаны долбоорлоого жана курууга 49 жылга ижарага берилген, бирок курулуш иштери жүргөн эмес. Ал эми тийиштүү кызматкерлер көп убакыт өткөндөн кийин жер тилкесин кайтаруу же башка адамдарга берүү боюнча тиешелүү чара колдонушкан эмес. Ошону менен бирге Р.Д. 2011-жылдын январынан май айына чейин 554 миң сом суммасындагы ижара төлөмдөрүн төлөгөндүгү боюнча жалган маалыматтарды берген. 2011-жылдын октябрында башка Ж.У. аттуу жаранга ижарага берген. Ал болсо 2012-жылдын февралында “Олимп Трейд” ишканасы менен ошол жер тилкесине көп кабаттуу үй курууга үлүштүк катышууга келишим түзгөн, аны менен бирге 1 миллион 186,9 миң сом суммасындагы ижара акысын жана 296,7 миң сом өлчөмүндөгү туумду төлөгөн эмес.

Бул боюнча Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлерине карата “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “алдамчылык” беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: