Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда эки унаа кагылышып, бир жүргүнчү оор жаракаттарды алды
Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда эки унаа кагылышып, бир жүргүнчү оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 31-январь күнү саат 13:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 29-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Мерседес-Бенц-207 үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.