super.kg logo

Катуу сабалган 17 жаштагы Назбийкенин апасы кызын токмоктогонун танган жок

 

Катуу сабалып, Жалал-Абаддан Бишкекке качкан 17 жаштагы Назбийкенин апасы Айнура кызын токмоктогонун танган жок.

SUPER.KG порталынын кабарчысы жабырлануучу кыздын апасы менен байланышканда, ал кабарчыны «кыздарды, балдарды Сирияга сатып жатасың», «сен "Билайндан" чалып, 1200 сомумду уурдагансың», «Назбийкени коркутуп мектептен алып кеткенсиң» деп негизи жок күнөөлөй баштады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал журналисттин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, улам-улам сөздү бурмалоого аракет жасап жатты. Башында ал учурда Бишкекте экенин айтып, ага жолугушуу сунушталганда «Жалал-Абадда турамын, кел бул жакка, жолугушалы» деди.

Андан соң ал «Сиз Назбийке аттуу кызыңызды анын өгөй атасы менен чогуу токмоктогонсузбу?» деген суроого «Назбийкенин жана анын өгөй атасынын канын текшертип, өгөй атасы эмес экенин далилдеп берсем, силерди сотко берем» деп коркутууга аракет жасап, телефонун өчүрдү. Андан кийинки бир нече телефон чалууларга жооп бербей койду.

Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.

“Өгөй атам менен апамдын төрт баласы бар: эки эжем, мен жана иним. Улуу эжем экөөбүз апабыздын кыздарыбыз, ортончу эжем өгөй атамдын кызы, инимди болсо багып алганбыз. Ортончу эжем бизди башынан эле жек көрүп, ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алчу. Өгөй атам менен апам ага болушуп, бизди андан бетер урушчу. Улуу эжем турмушка чыгып, учурда күйөөсү менен жашайт. Мен жалгыз калып, ата-энем жана ортончу эжем тарабынан зомбулук көрүп келем”,- деген Назбийке.

“Бир ай мурун үйдө ур-токмок жеп, чыдабай кетип Бишкекке биринчи жолу качкам. Апам аркамдан келип, милициялардын көзүнчө мени кучактап “кызым” деп кабыл алган. Бирок эч ким жокто сабап, чачымдан сүйрөгөн. Үйгө барганыбызда өгөй атам “болду, сени урганды токтотобуз” деген, бирок жалган айтканы көрүнгөн. Бир аз убакыт өткөн соң зомбулук көрсөтүү кайра башталган. Бир жолу шылтоо таап, мага катуу ачууланып, өгөй атам менен апам дөңгөлөктүн резинасынын камчыга окшош бөлүгү менен сабашкан. Денем ооруп, чоң-чоң көк алалар пайда болгон. 28-январда ата-энем менен базарга чыкканыбызда учурдан пайдаланып, таксиге отуруп Бишкекке качып кеттим”,- деп билдирген Назбийке.

Бул окуяга дагы кайрылабыз, ал эми Назбийкенин толук маегин жакын арада "Супер ТВдан" көрө аласыздар.






Назбийке: "Өгөй атам менен өз апам көк ала кылып сабады"

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(91)
01.02.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай тообо эне өз баласын кантип сабайт
01.02.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой тобаа уруп алып эми тан албаганын кара бул эненин, тан каласын кудай озу сактасын.
01.02.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айбанчылык ушундай адамдарды омур бою эркинен ажыратуу керек!!!!
01.02.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Огой атасы учун сабаптыр,энеси кандай неме куйоосуно кошулуп алып сабаган,мээрим деген жок го балага деген.
01.02.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аларды камабайбы милиция не кылып журот?
01.02.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оз башы менен кетсин

01.02.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эне соорой ушинтип, куйоосуно жагалданганы го. Чонойуп калган эле кызды ушунча сабабай эле койбойбу. Оз баласына ушундай мамиле кылып жаткан аяал башканы олтургондон кайра тартпаса керек. Мындайларды изолировать этиш керек.
01.02.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасын текшертип врачка, жардам беруу керек!Акылы жайында адам мынчалыкка барбайт!
01.02.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыздын көгөргөн жерлерин көрүп боорун ооруйтго таш боор адамдардын жазасын кудай берсин.
Медиа-портал
01.02.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах жазасын берсин. Таш боор немелерго.Кайтаар дуйно дейт ушул кызга бир куну зар болосунар.
SUPER.KG видео
01.02.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай журогу таш, мерез эне?"Эне"- деген атты да ыраа корбойт элем. Ушунча болгуча сабаганга кантип колу барды? Бирок анын да оюн угуп коруш керек бетме-бет, огой атасынан да. Супер-инфо, бул ишти ушул бойдон калтырбайсынар деп ишенем. Барып алардан да маалымат алып, эгер чын болсо огой ата жоопко тартылыш керек.
SUPER.KG видео
01.02.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эмне деген кордук? Озунун кызына. Энеси чын эле жаман окшойт, унуно караганда. Эси эмне болот бул байкуш кызга?
SUPER.KG видео
01.02.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбан деген да аздык кылат .
SUPER.KG видео
02.02.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
enesi kyzynan erdi artyk koruptur da azyr ozunordu karaysunar ki4ine kartaysanar kununor uwu balanarga kalat.ozu jemiwindin 1bolugun karyzyna ber.1bolugun karyzga ber 1bolugun ozuno al de4u elego adamdar ata enesinen baldarynan karyz bolot baga albaysunbu torobo.selerge karaganda oz kanynan jaralbasa da jardam bergender kop
SUPER.KG видео
02.02.2016. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karga balasyn appagym deyt bardyk jandyktar oz balasyn karayt ar biride meerimi bolot.emi meerimi jok eken owo ayban4alyk jok eken.jana okup kaldym ele teke deputattyka koyuptur dep aga tolk jok eken deputtattar da owo tekedey tolk jok dep emi selerdi da owogo salywtyryp kordum
SUPER.KG видео
02.02.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах оз жазасын берсин
02.02.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ошого сабагандыр
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 11:01:22
SUPER.KG видео
02.02.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул нерсени мындай калтырбай тубуно жетип Назбийкеге жардам берет деп ишенем супер.кж.нин жамааты
Ал эми Назбийкенин ата энесин соз жоооооооооок ХХХ ХХХ экен!!!!!
Модератор admin_media түзөттү 2016-02-02 09:32:41
SUPER.KG видео
02.02.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byl kyzdyn apasy bir az oorykchan okshoitoitgo.too dese bee dep joop bertat.kyzdy berbsh kerek.oltyryp dele koigydai ynyno karaganda.
SUPER.KG видео
02.02.2016. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфируллах! Мындай таш боор ата энеден Аллахым сактасын! Кызга тезирээк айыгып,жакшы жашоо табышын каалайм.
SUPER.KG видео
02.02.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым жазасын берсин кандай боору таш адам баарына ыйман ынсап берсин.Назбийке жаш экенсин Аллахым мындан аркы жашоонду жакшылыктар коштосун насип этсин.Олгон озунун шору дейт озуно кол салба жакшы адамдар коп жардам берет .
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: