super.kg logo

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев камактагы аялдардын жашоосу менен таанышты

 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Степное айылында жайгашкан №2-колонияда эркинен ажыратылып жаза өтөп жаткан аялдардын абалынан кабар алды. Ошондой эле аталган аймакта кызмат өтөп жүргөн аскер кызматкерлеринин абалы менен да таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда ал соттолгондордун арасында арыз-муңу бар болгон ар бир аялды укту. Камактагылар сот алардын жаза өтөө убактысынын аз калганына карабай жатак-абакка которууда жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу арыздарын четке кагып жатканын айтышты. Мындан тышкары колония кызматкерлери аларга орой мамиле кылып, жакындары менен телефон аркылуу берилген мөөнөттөн аз сүйлөштүрүп, соттолгондордун укуктарын тебелеп жатканын билдиришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында учурда аталган колонияда 279 соттолгон аял бар экени аныкталды. Колонияда 140 аял тигүү цехинде жана нан бышыруучу цехте эмгектенет, бирок алардын эң көп эмгек акысы болгону 1000 сомго жетет. Мындан тышкары колониянын аймагында 5 багыт боюнча билим берүүчү жай орун алган. Кубат Оторбаев Аламүдүн райондук сот отурумуна да катышты. Анда жатак-абакка жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу 9 арыз каралып, соттун чечими менен алардын төртөө канааттандырылды. Өлкө акыйкатчысы чечиле элек маселелердин көп экендигин жана ал үчүн тиешелүү органдарга кайрыларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
01.02.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тааныштын не озгорду?
01.02.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyn01,Кубат Оторбаев Аламүдүн райондук сот отурумуна да катышты. Анда жатак абакка, жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу 9 арыз каралып, соттун чечими менен алардын төртөө канааттандырылды. Өлкө акыйкатчысы чечиле элек маселелердин көп экендигин жана ал үчүн тиешелүү органдарга кайрыларын билдирди. (Жакшылап окусан)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: