super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Караколдогу "Ак-Тилек" базарындагы карды тазалоого аракет көрүлүп жатат

 

Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарындагы карды тазалоого аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу аталган базардын Жеке ишкерлер профсоюзунун төрайымы Атыркүл Сарыбаева SUPER.KG порталына билдирди.

"Ак-Тилек" базары боюнча, билишимче, 5 шыпыруучу иштейт. Алар күндө кечинде базарды шыпырып, таштандыларды чыгарышат. Ал эми катарлардын арасындагы жолдордо тоңуп калган муздарга себүүгө соодагерлерге туз жана кум таратылып жатат. "Ак-Тилекте" жолдордогу муз эле көйгөй жаратууда. Бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз.
Ал эми соодагерлерден чогултулуп жаткан төлөмдөрдөн Каракол шаарынын казынасына салык төлөнөт. Кээде "Ак-Тилек" базарынын аймагына кирбеген деле жерлерди ошол базарга тийиштүү деп ойлой беришет. Таштандылар жаткан жерлер деле базарга карабай калышы мүмкүн. Эми жакында бул базарда реконструкциялоо иштери башталып, соода орундары иретке келтирилет",
- дейт Атыркүл Сарыбаева.

Эскерте кетсек, аталган базарда кар күрөлбөй, таштандылар чыгарылбай жатканы тууралуу кабарлар жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тонуп калган музду 2 ай тыкылдатса да кетпейт, кар жааганда асманды карап отурдунарбы? Канча Адам иштегенин да билбейт экен билишимче деп , уят
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: