Швейцариянын жарандары иштебестен ай сайын 2250 евро ала алышат
Швейцариянын жарандары иштебестен ай сайын 2250 евро (2500 франк) ала алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Швейцарияда жарандардын маянасына жана жумушу жоктугуна карабастан, айына 2250 евро алуусу каралган референдум өткөрүлөт. Ал эми жашы жете электер үчүн айына 625 франк берилип турат. Добуш берүү ушул жылдын июнь айында өтөт.
Бул мыйзамдын негизги максаты - киреше менен жумуштун ортосундагы байланышты жокко чыгаруу. Бирок социалдык сурамжылоодо жарандардын басымдуу бөлүгү бул төлөмдөр күчүнө кирген күндө деле жумушту таштабай турганын айтышкан. Болгону 2 гана пайызы жумушун таштоого даяр экени аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Бизге жөн эле акча бербесин өкмөт,иш жумуштары көп болсун,чет өлкөдө эмес,өз өлкөбүздө иштеп,өз өлкөбүзгө салым кошмокпуз.
Эскертүү! Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга тыюу салынат!