super.kg logo

АКШ долларында алынган насыяларын улуттук валютага конвертациялоо үчүн жарандар насыя алган банкка кайрылууга укуктуу

 

Турак жай сатып алуу үчүн АКШ долларында алынган насыянын ордун жабууда оор жагдайга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 1-февралында “Коммерциялык банктардын жеке адамдарга АКШ долларында сунуштаган насыяларын улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө” №33-тескемесин чыгарды. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.

Жогоруда аталган тескемеге ылайык, коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын жеке адамдарына-жарандарына турак жай сатып алууга АКШ долларында берилген насыялар төмөнкү шарттарга жооп берген учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 1-июлуна карата расмий курс боюнча (1 АКШ доллары үчүн 62,1422 сом) улуттук валютага конвертацияланууга тийиш:

– насыя коммерциялык банк тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алууга берилсе;

– насыя берүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-июлуна чейин белгиленсе;

– берилген күнгө карата насыянын негизги суммасы 40 миң АКШ долларына чейинкини түзсө;

– берилген насыя боюнча соттук териштирүүлөр жок болсо;

– ар бир жеке адамдын 1 насыясы конвертацияланууга тийиш.

Жогоруда белгиленген шарттарды канааттандырган насыяларды конвертациялоо үчүн жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы “Коммерциялык банктардын жеке адамдарга АКШ долларында сунуштаган насыяларын улуттук валютага конвертациялоо жөнүндө”
№33-тескемесине кол коюлгандан кийинки 20 календардык күндүн ичинде конвертация жүргүзүү өтүнүчү менен насыя алган коммерциялык банкка кайрылууга укуктуу.

Бул тескемеге ылайык, коммерциялык банктарга насыяларды конвертациялоодо пайыздык ченди алардын улуттук валютада берилген ипотекалык насыялары боюнча 2016-жылдын 1-январына карата 19,76 пайыз өлчөмүндө түптөлгөн орточо салмактанып алынган пайыздык чен деңгээлинде белгилөө сунушталган. Конвертациялоо жүргүзүүгө өтүнүч кат келип түшкөн учурдан тартып ал жүзөгө ашырылганга чейин коммерциялык банктарга конвертацияланууга тийиш болгон насыялар боюнча айыптык санкцияларды чегерүүнү токтотуу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
02.02.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун 40 мин деген чек коюлган. 41-50 алгандарга мумкунчулук таанылбай калабы?
Которгондо кайсы % менен толомдор уланат?
Что то адилетсиздик бар сыяктуу.
Ипотека алгандардын баарына тааныш керек болчу бул укукту.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: