Ысык-Ата районунда кой уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды
Ысык-Ата районунда кой уурдоого шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы Д.Т. аттуу киши кайрылган. Анда ал 31-январь күнү саат 22:30 чамасында белгисиз адамдар анын сарайына кирип 1 коюн уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.