super.kg logo

1-февралга карата 17 миңден ашык салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

 

2016-жылдын 1-февралына карата 17 215 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 2295и юридикалык жактар, 9435и жеке ишкерлер жана 5485и жеке жактар. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

"1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү",- деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары 1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү экени белгиленген.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: