Өзгөндө өз уулун атып өлтүрүп, неберелерин жарадар кылган факт боюнча иш сотко өткөрүлдү




Өзгөн районуна караштуу Зергер айылында атасы өзүнүн уулун атып өлтүргөн факт боюнча тергөө амалдары аяктап, райондук сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Кыялбек Ныязбеков билдирди.
"Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги (адам өлтүрүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин тергөө амалдары 2 ай жүрдү. 30-январь күнү бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, райондук сотко жөнөтүлдү. Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары чыкты. Бул окуянын күбөлөрү суракка алынышты. Эми кылмышка шектүү кандай жаза аларын сот чечет",- деди К.Ныязбеков.
Айта кетсек, 2015-жылы 30-ноябрь күнү Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын 47 жаштагы тургуну К.А. менен 28 жаштагы уулу К.Ж. экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Уулу үй-бүлөсүн алып кетейин деп 2 баласы менен унаага отурган учурда атасы жанына келип ок атуучу курал менен 2 жолу атып салган. Оор жаракаттан улам уулу окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми маркумдун 5 жаштагы уулу менен 2 жаштагы кызы денесинен жаракат алышкан.











1 |