super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Орточо эмгек акыга карап камсыздандыруу полисинин баасы көтөрүлдү

 

Орточо эмгек акыга карап камсыздандыруу полисинин баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу Сузак районунун Социалдык фондунун башкармалыгынын башчысынын орун басары, киреше бөлүмүнүн башчысы Үмөтбек Амиракулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Соодагерлер төлөмдөрүн менин көзүмчө текшеришти. 3 соодагердин 2 айлык төлөмдөрү чыкпай калды, себеби алар акыркы 2 ай үчүн төлөшкөн эмес. Төлөгөн болсо, камсыздандыруу полисинин бир бөлүгү аларда калмак. Эгер түшпөй калган болсо, полистин бөлүгүн алып келишсе, маалымат базасына киргизилет, бирок төгүлгөн сумма базага 1 сааттын ичинде эле кирет. 5 сом төлөсө да, 10 сом төлөсө да базага кошулат. Камсыздандыруу полисине ким канчалык көп акча төлөсө, ошончо көп пенсия менен чыгып жатышпайбы. Социалдык фонддо реформалар кризис маалында болуп калганы үчүн калкка оор болуп жатса керек. Азыр орточо эмгек акыга карап камсыздандыруу полисинин баасы көтөрүлдү. Эгер орточо эмгек акы дагы көтөрүлсө, камсыздандыруу полисине төлөм да көтөрүлөт",- дейт Үмөтбек Амиракулов.

1-февралда Сузак районундагы соодагерлер Социалдык фондго төлөгөн төлөмдөрү жок болуп жатканын WhatsApp аркылуу билдиришкенин эскерте кетели.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: