super.kg logo

Ошто ботулизмге 6 адам кабылып, 1 жаш 4 айлык бала каза болду

 

Ошто ботулизмге 6 адам кабылып, 1 жаш 4 айлык бала каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова SUPER.KG порталына билдирди.

"31-январда Ош облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө ботулизмдин белгилери менен 6 адам кайрылган. Алардын ичинен 1 жаш 4 айлык баланын абалы өтө оор болгон. Ошол замат баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, интенсивдүү дарылоо жүргүзүлгөн. Ал эми калган 5 адамга ботулизмге каршы дары сайылган. Тилекке каршы, көрсөтүлгөн жардамга карабастан, кичинекей баланын жүрөгү токтоп каза болду. Санитардык кызматкерлер оорунун очогу үй шартында жасалган консервалык азык экенин аныкташты. Ал консервалык азык лабораториялык изилдөөлөргө жиберилди. Эми жыйынтыгын күтүүдөбүз",- дейт Бактыгүл Исмаилова.

Бүгүнкү күндө ботулизмге үйдө жасалган консервалык азыктарды колдонгондор кабылышууда. Бул туруктуу токсин. Аны ачык идиште 100 градустан ашуун температурада 20-30 мүнөт кайнатуу керек. Ботулизм - өлүмгө алып барчу оору. Андыктан белгилерин байкасаңыз, дароо ооруканага кайрылуу сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.02.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул оору тууралуу кайдан тапсам болот алдын алууга нелер кылыш керек, биринчи белгилери кандай болот? Уйдогу концервация бул кышка камдап жабылган банкаларбы?
03.02.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aksy-13, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/article/show/34691
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: