super.kg logo

Бишкек мэриясында коомдук унаадагы санитардык абал талкууланды

 

2-февралда Бишкек шаардык мэриясында биринчи вице-мэр Замирбек Малабековдун жетектөөсү менен вице-мэрлердин, райондук администрация башчыларынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда чогулуш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Чогулушта коомдук унаалардын санитардык абалы, айдоочулардын унаа айдап бара жатып чылым чегүүсү жана алардын жол эрежелерин бузуусу талкууланып, Бишкек шаарындагы "Видеокөзөмөл тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы тууралуу сөз болду. Талкуунун жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы менен жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын ортосундагы келишим 7 жыл мурун түзүлгөнү белгиленди. Келишимде айдоочу эреже бузган учурда фирмага жоопкерчилик каралган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин эреже бузулса, айдоочу жүргүнчүлөргө ылайыктуу мамиле кылбаса, жоопкерчилик ага гана жүктөлүп, фирманын менчик ээси же түзүүчүсү жоопкерчилик алчу эмес. Учурда Бишкек шаардык мэриясы жаңы жобо иштеп чыгып жатат. Ага ылайык, жүргүнчү ташуучу фирмалар кардарларынын коопсуздугуна жооптуу болушат.

Чогулуштун жыйынтыгында коомдук унаадагы санитардык абалды катуу көзөмөлгө алуу, айтылган жобонун иштелип чыгышын эртелетүү тапшырмалары берилди. Ал эми "Видеокөзөмөл тууралуу" мыйзамдын негизинде биринчи кезекте билим берүү, саламаттыкты сактоо имараттарында камералар коюлуп жатканы айтылды. Район акимдерине соода түйүндөрдүн, коомдук тамактануучу жайлардын ээлерин видеокамера коюуга милдеттендирүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.02.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кырышанар иштептир
03.02.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура маселе. Эми мээңер иштей баштаптыр. Атайын бир стандартка алып келгиле. Отургучтары жакын жакын орнотулгандары бар,отурсаң тизең тийип калат. Белиңи 90° менен отурасың, б.кк. тойгон короздой болуп. Отургучтары майланышып кир болуп калган. Ичи сасыйт.

Кээ бир машруттар таптаза, кир бутуң менен кирүүгө уяласың.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: