ИИМ: Эшектин башын кармап түшкөн аялдын сүрөтү кыргыз өлкөсүндө жүктөлгөн эмес

Эшектин башын кармап түшкөн аялдын сүрөтү социалдык түйүндөрдө жайылып, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан. Окурмандар бул сүрөттү WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына жиберип, сүрөттөгү аялдын өздүгүн тактап, ага тиешелүү чара көрүлүшү керектигин жазышкан.
Ички иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, сүрөттүн булагы кыргыз жергесинде эмес. Сүрөт чет өлкөдө тартылып таратылган.
Сүрөттүн булагын табуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында сүрөттү 2016-жылы 29-январда Арман аттуу казак жараны "ВКонтакте" түйүнүндөгү "Армия мод" тайпасына жарыялаганы аныкталган. Кийинчерээк бул сүрөт ошол эле түйүнгө "Қызықсың сен, братишка" баракчасына 28-январда саат 18:32де жүктөлгөнү такталды.



Бир комментарий жүрөт, сүрөттө 2 эшек турат, бирок бирөөсү тирүү экен деп.
Тактап маалымат бергенге аракет кылабыз.
2.Россиянын дип.кызматкерлери биздин олконун иштерине кийлигишкен бир нече информацияларды жарыялашты.([moderated]стен карагыла).
3.Эми болсо бул сурот.Байкадынарбы бул дагы сырттан жуктолду.Куто туралы дагы эмне болот экен.