super.kg logo
  Саясат  

БШК депутат Урмат Ишенбековду мандаттан ажыратты

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Ишенбековду мандаттан ажыратты. Мындай чечим комиссиянын 3-февралдагы жыйынында кабыл алынды. БШКнын эки мүчөсү: Гүлнара Журабаева менен Жаркын Бапанова маселени кароону артка жылдырууну сунушташып, колдоо тапкан жок. Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү Ишенбековдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин колдошту.

Эскерте кетсек, парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын жетекчилиги "өздөрү арыз жазышты" деген негизде фракциядагы 3 депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынып, БШК чечимин Жогорку Сот туура деп тапкан. Ал эми үчүнчү депутат Урмат Ишенбеков депутаттыктан баш тартууга арыз жазбаганын өз убагында БШКга кабарлагандыктан, аны мандаттан ажыратуу маселесин кароо артка жылдырылган эле.

Ишенбеков жакында парламент жыйынында: "Мен дагы бир жолу айтып коёюн, депутаттыктан кетүүгө эч кандай арыз жазган жокмун. БШКнын мүчөлөрүнө кайрылам, мени да мандаттан ажыратып жүрбөгүлө",- деп билдирүү жасаган эле.

БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров: "Жумалиева менен Эсенаманова боюнча БШК чыгарган чечимди сот мыйзамдуу деп тапса, демек, Ишенбековду мандаттан ажыратуу боюнча фракция чечимин карабай коюуга негиз жок",- деди комиссия жыйынында.

Мандаттан ажыраган депутаттар фракция жетекчилиги жасалма арыз менен мандаттан ажыратып салганын айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: