super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште «Микрокаржы уюмдары жөнүндө» мыйзам долбооруна арналган иш-чара өттү

 
Бүгүн ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин, Микрокаржы уюмдарынын ассоциациясынын демилгеси менен «Микрокаржы уюмдары жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол өтүп жатканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт менен Улуттук банктын, Микрокаржы уюмдары ассоциациясы менен «Компаньон», «Финка», «Элет-Капитал» сындуу бир катар чакан каржы уюмдарынын өкүлдөрү, каржы адистери менен эксперттер катышты. КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Заир Чокоевдин берген маалыматына караганда, «Микрокаржы уюмдары жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталып жаткан түзөтүүлөр 2010-жылга чейин эле парламентте каралып, бирок бийлик алмашып кеткендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Мыйзам долбоору чакан насыя уюмдарынын ишин жөнгө салууга, алардын укуктук милдеттери менен жоопкерчиликтерин мыйзам алкагына салуу максатында иштелип чыккан.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: