super.kg logo

Өткөн жылы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул эң көп Жумгал районунун тургундарына төлөнгөн

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда тоолуу жана жетүү кыйын болгон аймактарда кыйын шартта жашаган жарандарга каралган жеңилдиктер тууралуу сөз болду.

"Биз Жумгалдын 6 миңден ашуун тургунуна жардам берип келебиз. Бул район учурда аз камсыз болгон балдарга каралган жөлөк пулдун саны боюнча алдыда турат. Орто эсеп менен 1 балага 1073 сом чыгат. Жалпысынан мамлекеттен жардам алган балдардын саны 4199ду түзөт. Өткөн жылы аларга 47 миллион сомдон ашык каражат бөлүп бергенбиз. Ошондой эле Жумгал району кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алууда алдынкы сапка чыкты. Бизге өткөн жылы 731 кайрылуу түшкөн. Ал эми орточо төлөм 8300 сомду түзөт",- дейт министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: