super.kg logo
  Саясат  

Өзгөн акиминин жоопкерчилигин кароо коалициялык көпчүлүктүн жыйынында көтөрүлдү

 

Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаевдин жоопкерчилигин кароо маселеси Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 3-февралдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Тынчтыкбек Шайназаров өкмөт башчы Темир Сариевге кайрылып, акыркы учурларда аталган райондо бир нече туура эмес аракеттер жүрүп жатканын, буга аким көңүл кош мамиле жасап жатканын ортого салды.

"Айыл өкмөтүнүн башчысынын, акимдин иштеп жатканы өкмөттүн иштеп жатканын көрсөтөт. Өзгөн районунда бир нече туура эмес иштер орун алып келет. Анан калса акимдин дарегине да сындар көп",- деди Шайназаров. Өкмөт башчы: "Өзгөн районунун акиминин туура эмес иштери боюнча мага да кат келген. Карап чыгам",- деп жооп кылды.

Аттокур Тажибаевдин туура эмес аракеттери буга чейин да парламентте депутаттар тарабынан көтөрүлүп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: