Акыркы суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталды, Жалал-Абадда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, өрт кырсыгы катталды.
Жалал-Абад шаарындагы А.Чехов көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин жанында токтоп турган Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.