super.kg logo
  Саясат  

"Кумтөр" маселесинде кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы башкы орунда болот" деп убада кылды өкмөт башчы

 

"Кумтөр" маселесинде кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы башкы орунда болот". Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 3-февралда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында билдирди. Сариев "Кумтөр" кенинин айланасындагы абал боюнча "Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүлгөнүн маалымдады. Жолугушууда "Кумтөрдүн" айланасындагы маселелер боюнча катуу талап коюлганын билдирди.

Сариев "Центерра Голд" компаниясынын Директорлор кеңешинин кошумча эмиссия чыгаруу боюнча чечимине каршы экенин билдирип, сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын экологиялык жана экономикалык кызыкчылыктарына жооп бериши зарыл экенин билдирди.

"Центерра Голддун" акциясынан кошумча эмиссия боюнча "Кыргыз алтын" ишканасына тапшырмалар берилди. Алар юридикалык компания жалдап, сотко кайрылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат", - деди Темир Сариев.

"Центерра Голддун" Директорлор кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын мүчөлөрү алмаштырылып, алар атайын критерийдин негизинде тандаларын билдирди. Премьер-министр "Кумтөр" маселесин чечүүдө кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы башкы орунда турарын жана техника-экологиялык нормалардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: