Иса Өмүркулов "Алтын-Ордо, Ак-Ордо конуштары качан шаарга кошулары белгисиз" деди
Бишкектин четиндеги Алтын-Ордо, Ак-Ордо, Кырман конуштары качан шаарга кошулары белгисиз. Муну парламенттин 4-февралдагы жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирип, өкмөт тапшырманы аткарууну кечиктирип жатканын айтты.
"Өкмөткө берилген тапшырмалар аткарылбай жатат. Кечээ коалициялык көпчүлүк премьер-министр менен жолугушканда да айттым. Бишкектин айланасындагы конуштарды шаарга кошуу сунушун өкмөт башчы колдоду, бирок качан ишке ашары дагы эле белгисиз. Айылдардагы жерлерди да трансформациялоо зарыл",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, парламенттеги коалициялык көпчүлүк 3-февралда өкмөт башчы Темир Сариевдин өлкөдөгү актуалдуу маселелер боюнча маалыматын укту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

